“Кыргызстан-Кытай” газ түтүгү үчүн жер бөлүү иши жыйынтыкталып калды

0

Кыргызстандын аймагы менен өтчү газ түтүгүнүн жалпы узундугу болжол менен 215 километр. 

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев “SINO-Pipeline International Company Limited” компаниясыны башкы директору Мэн Фанчунь менен “Кыргызстан-Кытай” газ түтүгүнүн курулуш долбоорун талкуулады. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Мэн Фанчунь долбоордун ишке ашырылышы боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолду. Анын маалыматында газ түтүгү кеткен трассанын боюндагы жер тилкелерин бөлүү жана трансформациялоо жыйынтыкталып калды.

Мухаммедкалый Абылгазиев жогорудагыдай долбоорлорду келечекте биргелешип ишке ашыруу маанилүү экенин айтты.

Кыргызстандын аймагы менен өтчү газ түтүгүнүн жалпы узундугу болжол менен 215 километр. Долбоордук өткөрүүчү кубаттуулугу жылына 30 млрд. куб метр газды түзөт. Газ түтүгү Ош облусунун Алай жана Чоң-Алай райондору аркылуу өтөт.

Долбоор “Борбор Азия-Кытай” магистралдык газ түтүгүнүн составдык бөлүгү катары саналат.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of