Баткен: чек ара тынч, окуучу баланын абалы жакшы

Тажик жараны баланы “мага таш ыргытты” деп айыптап жатат. 

Ушул тапта Ак-Сай Ворух жолу ачык, абал туруктуу. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Чолпон Бердикулова “Калыс Медиага” билдирди. Ал кечээги чатак күнүмдүк тиричиликке байланыштуу пикир келишпестиктен улам эле жаралган дейт.

Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, чек арадагы жаңжал боюнча маалымат аларга кечээ, 22-апрелде кечки тогуздарда келип түшкөн.

Тажикстандын жараны Ак-Сай айылында жашаган 2-класстын окуучусун “экскаватордун айнегине таш ыргытты” деп айыптап кармап, жарым саат аралыгында баланы кайра милиция кызматкерлери алып келген. Мындан улам жергиликтүүлөр чогулуп, Ак-Сайдан Тажикстандын Ворух анклавына өткөн Исфара-Ворух жолу жабылган.

Облустук милиция абал туруктуу экенин, эки тараптын милиция кызматкерлеринин биргелешкен патрулдук тобу аймакты көзөмөлдөп жатканын кошумчалады.

Окуучу бала болсо ушул тапта ооруканада. Коркуп калганы эле болбосо, абалы жакшы.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of