800 миңдей кыргызстандык миграцияда жүрөт

0
Сүрөт: Алексей Филиппов

Расмий маалымат боюнча 790 миң кыргызстандык жаран сырткы миграцияда жүрөт. Анын 80%дан ашыгы Орусияда эмгектенет. Басымдуусу 16 жаштан 40 жашка чейинки жарандар. 

Мындай маалыматты бүгүн, 24-апрелде парламенттин жалпы жыйынында Мамлекеттик миграция кызматынын башчысы Болотбек Ибраимжанов билдирди. Ал миграция кызматынын РФтеги өкүлчүлүгү сыртта жүргөн эмгек мигранттарына эки жылдан бери бир топ колдоо көрсөткөнүн белгиледи.

“Ала албай калган айлык маяналарын алып берип жатабыз. Былтыркы жылы 60 миллиондон ашык рублду өндүрүп бердик. Жакында эле миграциялык амнистиянын жыйынтыгы чыкты. Бул боюнча дагы түшүндүрүү жумуштары болду. Анын жыйынтыгы май айында чыгат”, -деди Ибраимжанов.

Депутат Эмиль Токтошев жарандар чет жакка Кыргызстанда шарт жоктугунан кетип жатат дейт. Ал: “алыскы айылдарда жер жоктугунан үй сала албай же иш кыла албай, айла жоктон жаштар ички, сырткы миграцияга агылууда”, – деп өкмөткө доомат койду.

-Жердин баары мароторий. Канча айтабыз ушул маселени, сиздер же чечип койбодуңуздар.

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев бул көйгөйлүү маселе экенин белгилеп, бирок баштагы жылдарга караганда трансформация маселесинде бир топ алгылыктуу иштер болгонун билдирди.

Бүгүн өкмөт Жогорку Кеңеште 2018-жылдагы иши боюнча отчет берип жатат.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of