Алмата соту Кыргызстандын экс-депутаты Дамирбек Асылбек уулун 10 жылга кести

Сүрөт: Азаттык

Бүгүн Казакстандын Алмата соту экономикалык аткезчиликке айыпталган 12 адамга, анын ичинде 3 кыргызстандыкка карата өкүм чыгарды. КР жарандары – Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулу, Уланбек Мурадилов жана Чынгыз Абакиров. 

Асылбек уулу 10 жылга эркинен ажыратылды, анын жаза өтөө мөөнөтү 2018-жылдын 18-февралынан баштап саналат. Жазасын өтөп бүткөн соң, ал Кыргызстанга депортацияланат.

Тергөө маалыматына ылайык, экс-депутат кытай товарларын Кыргызстандан Казакстан менен Орусияга контрабанда жолу менен ташыган топтун башында турган. Уюшма топ бир жылда миллион доллардан ашык товарды чек арадан алып өткөн. Анын айынан казак казынасына 250 миң доллар бажы төлөмү түшпөй калган.

Буга чейин Казакстандын тышкы иштер министри Асылбек уулу казак жараны экенин жарыялаган. Депутаттын атасы уулу Кыргызстандын жараны экенин, Каракол шаарында туулуп-өскөнүн айтып чыккан. Апрелде Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы Асылбек уулун депутаттык мандатынан ажыраткан.

Декабрда экс-депутат казак жарандыгынан ажыратылган. Асылбек уулу өзү сот башталган күнү Кыргызстандын жараны экенин айтып, аны Кыргызстанда соттоону өтүнгөн.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика