Чубак ажы: бардык кен байлыктарга каршы чыга берсек, бизге эч кандай инвестор келбейт. Видео

0

“Бардыгы эле кен байлыктарга каршы чыга берсек, биздин өлкөгө эч кандай инвесторлор дагы, эч кандай тыйын дагы келбейт. Өзүбүздүн сазыбызга өзүбүз батып кете бере турган акыбал жаралып калышы мүмкүн”. Мындай оюн диний аалым Чубак ажы Жалилов билдирди.

Аалымга айрым кыргызстандыктар кайрылып, Кызыл-Омпол кенине каршы митингге чыгуу күнөө, арам болбойбу деген суроону беришкен. Чубак ажы бул маселеде шариатка жана жеке пикирине таянып, кенен жообун жарыялады.

Жалиловдун айтымында, жер үстүндөгу жана астындагы кен байлыктарын туура иштетүү аркылуу жыргалчылыкка жетүү – парз.

“Бул боюнча шариатта көп сөз айтылган. Жаратылышты сактап, кийинки муунга өткөрүп берүү – биздин милдет. Бирок ошол эле учурда жердин үстүндөгү жана астындагы байлыктарды туура иштетүү аркылуу жыргалчылыкка жетүү биздин мойнубуздагы карыз жана парз болуп эсептелет”, -дейт Чубак ажы.

Ал кээде адамдарды алдап, акчага, парага алданып калгандар мамлекетке, жаратылышка зыянын тийгизген учурлар болот дейт. Мисал катары мөңгүлөрдүн эришин айтып өттү.

“Бирок ошол эле учурда башка бир кен байлыктарды алып чыгып кетүү, ошол жерди бошотуу, балким, кайрадан жаратылышка, ден соолукка көбүрөөк пайда болгон учурлар бар. Кызыл-Омпол боюнча жеке өзүм Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча агенттиктин башчысынын айтканын изилдеп көргөнмүн. Ал киши айтат, ошол жердеги уран кенин чыгарып кетүүнүн өзү, балким, ошол жерде турган радиациянын деңгээлин азайтууга көмөк көрсөтөт. Келечекте бул адамдардын ден соолугуна жана жаратылышты сакталып калууга салымын кошот дейт.

Ошондуктан, митингге чыгам деп жаткан бир туугандар, артык кылам деп, тыртык кылып албагыла. Көздөгү чылпакты аарчыйм деп көздү оюп албашыбыз керек. Бардык эле кен байлыктарга каршы чыга берсек, биздин өлкөгө эч кандай инвесторлор келбейт, эч кандай тыйын дагы келбейт. Ошентип, өзүбүздүн сазыбызга өзүбүз батып кете бере турган акыбал жаралып калышы мүмкүн.

Митинг – биз протест катарында колдонгон иш чаралардын бири. Бирок ошол нерсе бирөөлөрдүн саясий куралы, экономикалык куралы же болбосо оппоненттердин ортосундагы булганыч оюн катары калыптанбаш керек. Ошол кендердин бардыгы мамлекеттин кызыкчылыгына, элдердин ден соолугуна, жаратылыштын тазалыгына зыянын тийгизбей тургандай болушу керек.

Эмне үчүн биз биз курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча агенттиктин башчысынын сөзүн же болбосо ал таянып аткан илимий документтердин жыйынтыгына  таянбашыбыз керек? Биз кыяматка барганда мына ушул айтылып жаткан сөздөр чын болуп чыкса, кудайдын алдында жооп беребиз. Күнөө ишке, душманчы ишке бири-бириңерге көмөкчү болбогула деген. Ошондуктан, мамлекеттин келечегине зыянын тийгизип кое турган, экономиканы артка жылдырып кое турган иштерге шерикчи болуп, кыяматта кудайдын кудуретине, аятына, сөзүнө каршы келгендерден болуп калбайлы. Кен чыккан жердин баары эле зыяндуу экен десек, анда кудай талаа бизге бул кендерди жаратпайт эле”, -деди аалым.

Жалилов жооптуу тараптардын сөзүн угуп, ошого жараша чечим кабыл алууну сунуштады.

Чубак ажы Жалилов призвал кыргызстанцев воздержаться от митингов.

Опубликовано БеспределKG Среда, 24 апреля 2019 г.


Ысык-Көлдөгү Кызыл-Омпол кенинен уран казып алууга акыркы кезде коомчулук катуу каршылыгын билдирип келет. Катардагы жарандар, активисттерден сырткары бир катар партиялар, саясатчылар да бул ишти колдобой турганын айтууда. Чоң талкуулардан кийин өкмөт кендеги чалгындоо иштерин токтоткон.

“Азаттык” жазгандай, Кенди чалгындап жаткан “Юразия в Кыргызстане” ЖЧКсы Орусия менен Кыргызстандын биргелешкен компаниясы болуп саналат. Анын 60 пайызына орустар ээлик кылса, 40 пайызы Кыргызстанга таандык.

Кенди чалгындоого лицензия 2010-жылы алынган. Чалгындоо иши 2012-жылы башталган. Лицензиянын мөөнөтү 2020-жылы 31-декабрда бүтөт.

2015-жылы Кызыл-Омполдун “Таш-Булак” тоо-кен участкасы мамлекеттик баланска коюлган. Анда 1632 тонна уран, 3338 тонна торий, 33800 тонна цирконий жана 4102 тонна титан магнитинин запасы бар экени аныкталган. 2012-жылдан тартып жалпысынан «Кыргызстандагы ЮрАзия» инвесторлору геологиялык чалгындоо программаларына 271 миллион сом салышкан. Компания Тоң районунун ири жана негизги салык төлөөчүлөрүнүн бири болуп саналат.

Буга чейин жергиликтүү тургундар “экологияга зыян келет” деп бир нече жолу нааразылык акциясын өткөргөн.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of