Керебетке батпай, полдо уктаган балдар. Мэрия бала бакча боюнча тараган видеого түшүндүрмө берди

Бишкек мэриясынын Билим берүү башкармалыгы керебетте төрт-бештен, калганы полдо уктаган балдардын соцтармакта тараган видеосу боюнча маалымат таратты.

Видео 19-апрелде  Касым конушундагы №1 “Шоола” балдар бакчасында тартылган. Ал күнү башка бөлмөнүн полун сырдап койгондуктан эки тайпанын балдарын бириктирип уктатышкан.

Бала бакчанын директору Айнагүл Малдыбаева балдардын ар биринде бирден керебет, жууркан, жаздыктары жетиштүү экенин белгиледи.

“Шоола” балдар бакчасы 2008-жылы ачылган. 140 орундуу имаратта  учурда 290 бала тарбияланат.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика