Ош: дарыгерлер баланын тамагындагы төөнөгүчтү операциясыз алып чыкты

0
Сүрөт: Ош облустук балдар ооруканасы

Баткендин Кадамжай районундагы Көк-Талаа айылында тогуз айлык бала ачылып турган төөнөгүчтү жутуп алган. Учтуу буюм наристенин кызыл өңгөчүнүн тарыган жеринде (сужение) туруп калган. 

Ош облустук балдар ооруканасынан “Калыс Медиага” билдиришкендей, төөнөгүчтү жутуп алгандан сегиз саат өткөндөн кийин балага медициналык жардам ийгиликтүү көрсөтүлгөн.

“Бала бешикке тагылган көз мончокту ойноп жатып, андагы төөнөгүчтү жутуп алган. Кийин эмизгенде, наристе кусуп, тынсыздана баштайт. Оозуна шилекейи толот. Ата-энеси дароо байкап, ооруканга алып жөнөйт. Баткенде тиешелүү жабдуулар жок болгон үчүн, Ошко жөнөтүлгөн”, – дешти дарыгерлер.

Оорукананын лор бөлүмүнүн башчысы Жангара Абдихаликов балага жалпы наркоз берип, эзофагоскоптун жардамы менен төөнөгүчтү алып чыкан. Наристенин кызыл өңгөчү жабыркаган эмес.

Ош облустук балдар ооруканасында ар кандай заттарды жутуп алган балдар күн алыс катталат. Кичинекейлер көбүнчө тыйынды жутуп алат.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of