Ошто үч аял өзгөчө оор кылмышка шектелүүдө

0

Акыркы беш күн аралыгында Ош шаарында аялдардын катышуусунда үч өзгөчө оор кылмыш катталды. Бул тууралуу “Калыс Медиага” Ош ШИИБнин басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдирди.

41 жаштагы аял өз күйөөсүн көкүрөк тушка отвертка менен сайып жиберген. Милиция аны 18-апрелде колго түшүрдү. Келиндин айтымында, күйөөсү аны үйдө иштеп жаткан устадан кызганган. Ушундан улам жубайлар чатакташа кетип, аялы күйөөсүнө оор жараат келтирген. Дарыгерлер жабырлануучунун өмүрүн сактап калды.

19-апрелде кечке жакын Ош шаарынын жашы алтымышка таяп калган аял киши колдуу болуп өлгөн. Кылмышка шектүү катары анын өз кызы кармалды. Эне-бала акчанын айынан чатакташкан. Шектүү соттун чечими менен эки айга камакка алынды.

Учар айылынын үстүндө жайгашкан дачалардын биринен Мамат аттуу кишинин өлүгү табылган. Аны бычак менен сайып өлтүргөн деп ошол дачанын ээси, 48 жаштагы аял кармалды. Шектүүнүн айтымында, маркум аны зордуктоого аракет кылган. Бул аял да соттун чечими менен тергөө убагында эки ай абакта отурмай болду.

Учурда бардык кылмыштар боюнча сотко чейинки тергөө амалдары жүрүп жатат. Тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of