Баткен: окуучулардын ооруканага түшүүсүнө эмдөө себеп болгон эмес

Баткен шаарында эмдөөдөн кийин массалык түрдө ооруканага түшкөн окуучулар  боюнча Саламаттык сактоо министрлигинин дарыгерлер тобу жыйынтык чыгарды.

Республикалык иммундук-профилактика жүргүзүү борборунун жетекчиси Гульбара Ишенапысованын айтымында, балдар ооруканага эмдөөнүн кесепетинен эмес, ичеги-карын инфекциясынан улам түшкөн.

“Балдар түштөн кийин вакцина алган. Түшкө чейин бир иш чарага барып, жолдо келе жатып гамбургер сатып алышат дагы мектепте тамактанышат. Алардагы белгилер ичеги-карын инфекцияларына жакын болгон. Анткени вакцианадан кийин кусуу, көңүл айлануу сыяктуу терс таасирлер болушу мүмкүн эмес. Эмдөөдөн кийин ийне сайылган жери кызарат, дене табы көтөрүлөт. Инфекцияга (!уулануу эмес) бир эле гамбургер себепчи деп кесе айтууга болбойт, гигиенанын сакталбаганы, кир суу сыяктуу факторлор көп. Анткени сууда таякчалар аныкталды”, – деди Ишенапысова. 

Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомчулук менен иштөө башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматованын пикиринде, бир окуучунун ийнеден корккону аныкталган.

Эске салсак, 9-апрелде Баткен шаарындагы №3 орто мектебинде 5-класстын окуучуларын үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун адистери бир бөлмөгө киргизип, кептөөргө каршы кезектеги эмдөөдөн өткөргөн. Ошол учурда эки-үч бала коркуп, дүрбөлөңгө түшүп ыйлай баштаган. 10дон ашык окуучунун башы айланып, кусуп, алсыз болуп, облустук ооруканага жеткирилген.

Ушул эле вакцинаны Кыргызстан боюнча 80 миң, Баткенде 20 миң адам алган. Айтылган окуучулардан сырткары эч бир адамда эмдөө алган соң көйгөй жаралган эмес.

Баткенде эмдөөдөн кийин реанимацияга түшкөн окуучулардын бири палатага которулду

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of