Эркекчилик. Абылгазиев сөгүнгөн экс-мэрди МККга эмне үчүн алып келгенин айтты

Депутат Исхак Масалиев премьер-министрдин кадр саясатын сынга алды. Ал: “сөгүнгөнү менен таанылган Балыкчынын экс-мэри Алмаз Мамбетовду Мамлекеттик каттоо кызматына кантип алып келдиңер?” –  деп суроо салды. 

Мухаммедкалый Абылгазиевдин айтымында, Мамбетов Балыкчыда санариптештирүү, айрыкча мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү элге жеткирүү боюнча өтө жакшы иштеген.

“Биз азыр көрүп жатабыз, энергетикти койсок, энергетика өнүкпөй жатат. Мал чарбасына же айыл чарбасына аграрникти койсок, ал өнүкпөй жатат. Менеджерди алып келдик. Интернетте жүргөнү… эркек киши жанагыдай болуптур… Мындан ары жанагыдай (сөгүнгөн-ред.) сөздөрдү азыраак колдон деп айттым”, – деди премьер-министр. 

Алмаз Мамбетов Мамлекеттик катоо кызматынын башчысы болуп 19-апрелде дайындалган. Ал паспорт тендерине байланыштуу ызы-чуудан кийин иштен алынган Алина Шаикованын ордун басты.

Буга чейин Балыкчынын мэри болуп турган Мамбетов бир катар чуулуу окуялардын каарманына айланган. Ал өзүнө чейин шаарды жетектеп турган Сатыбек Шамшудиновду ашата сөккөн аудио интернетке тараган эле. Жыйынтыгында Мамбетов 2 миң сом айыпка жыгылган.

Мамбетов менен Шамшудиновдун адептен тыш сүйлөшүүсү төмөндө. Сөгүнүү сөздөрүн угууну каалабасаңыз, видеону ачпай эле койгонуңуз дурус.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика