Жээнбековду Кытай кантип тосуп алды? Сүрөт, видео

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн кечке жуук визит менен Кытайдын Пекин шаарына барды.

Мамлекет башчынын маалымат кызматы билдиргендей, Жээнбеков «Бир алкак – бир жол» эл аралык кызматташтыктын экинчи форумуна жана «Дүйнөлүк бак өстүрүү – 2019 көргөзмөсүнө” катышат.

Форумдун алкагында Сооронбай Жээнбеков Кытайдын башчысы Си Цзиньпин, ККП Борбордук Комитетинин саясий бюросунун Туруктуу комитетинин мүчөсү Ван Хунин, Кыргызстан менен экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүргүсү келген бизнес-компаниялардын жетекчилери, ошондой эле илимий чөйрөнүн өкүлдөрү менен жолугушат.

Ошондой эле Президент Сооронбай Жээнбеков эл аралык көргөзмө борборунда Кыргызстандын жана Кытайдын көргөзмө павильондорун көрөт, делегациялардын башка жетекчилери менен бирге “Достук оазиси” гүл бакчасында дарак отургузат.

 

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика