Айсулуу Тыныбекова Азия чемпионатында алтын медаль утту. Видео

Кытайда өтүп жаткан эркин күрөш боюнча Азия чемпионатында Айсулуу Тыныбекова алтын медаль утту. 

Финалдык кармашка Айсулуу япониялык күрөшчү Юкако Каваиге каршы чыгып, 7:6 эсебинде жеңип алды. Кармашта утулуп бара жаткан кыргызстандык спортчу беттештин бүтүшүнө 6 секунд калганда ийгиликтүү аракет жасап, жеңишти жулуп кетти.

Тыныбекова 62 кг салмак категорияда буга чейин өзбекстандык жана таиланддык атаандаштарын жеңген.

Тыныбекова спорттук карьерасында 23 жолу финалга чыгып, ушуну менен онунчу ирет жеңүүчү аталды. Ал эми Азиянын 3 жолку чемпиону болду.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Tynybekova takes gold after her win against Kawai (JPN) 🏅💪🏅 . . . #wrestlexian #unitedworldwrestling #womenswrestling

Публикация от Olympic Wrestling (@unitedworldwrestling)

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of