Бишкекте Борбор Азия өлкөлөрүнүн өкүлдөрү радикализмге каршы күрөшүүнү талкуулап жатат

26-27-апрелде Бишкекте Борбор Азияны өлкөлөрүнөн өкүлдөр радикализм, экстремизмге каршы бирдиктүү күрөшүүнүн жолдорун талкуулап жатат. Бул тууралуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы билдирди. 

Жолугушуу радикализмге жана экстремизмге каршы күрөшүү жана алдын алуу маселелери боюнча өз ара аракеттенүүнү күчөтүү боюнча региондук консультативдик жумушчу тобун түзүүгө, ошондой эле аймактагы зомбулук экстремизмге каршы аракеттенүүнүн артыкчылыктуу маселелерин биргелешип талкуулоо үчүн диалогдук платформасын түзүүгө багытталган.

Иш чарага мамлекеттик органдарынан жана медиа коомчулуктан, өкмөттүк эмес уюмдардан, Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан мамлекеттеринен өкүлдөр катышууда.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы “Борбордук Азиядагы экстремизм менен күрөшүү боюнча лидерлердин диалогу” долбоорунун алкагында Кыргызстандагы “Жалпы кызыкчылыктарды издөө” (Search for Common Ground) эл аралык уюмдун өнөктөштүгүндө уюштурган.

Эске салсак, былтыр июнда “Борбордук Азиядагы экстремизм менен күрөшүү боюнча лидерлердин диалогу” консультативдик жумушчу тобунун I эл аралык аймактык жолугушуусу болуп өткөн.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика