Кытай лидери Си Цзиньпинь Кыргызстанга келет

Ушул жылдын июнь айында Кытайдын төрагасы Си Цзиньпинь Кыргызстанга мамлекеттик визит менен келери күтүлүүдө.

Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков менен Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин 28-апрелде Пекинде жолугушуусунда белгилүү болду.

“Биз кызматташтыгыбызды стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине чыгарууну жарыялаганбыз. Биргелешкен аракет менен эки тараптуу кызматташтык туруктуу өнүгүп жатат, мен буга абдан кубанычтамын. Мен сиздин Кыргызстанга мамлекеттик визит менен келип кетүүгө чакырууңузду кабыл алдым,” – деп белгиледи Си Цзиньпинь.

Президент Сооронбай Жээнбеков 25-28-апрель күндөрү Кытайда иш сапары менен болуп, “Бир алкак – бир жол” форумуна жана “Дүйнөлүк бак өстүрүү – 2019″ көргөзмөсүнүн ачылышына катышты.

 

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика