Моралдык чыгым – 50 млн сом. Жалил Атамбаев журналист Ыдырыс Исаковду сотко берди

Милициянын отставкадагы полковниги Жалил Атамбаев “Азаттыктын” кабарчысы Ыдырыс Исаковду иликтөөсү үчүн сотко берип, соттон 50 млн сом моралдык чыгым өндүрүп берүүнү суранды. Бул тууралуу “Азаттык” жазды. 

Азаттыктын журналисти даярдаган иликтөөдө Жалил Атамбаевден акчасын ала албай жүргөн ишкерлер, анын жакындарына катталган адамдардын ишканаларынын салыктын качуу схемалары көрсөтүлгөн. Анын айынан мамлекет казынасына ири суммадагы каражат түшпөй жатканы айтылат.

Иликтөө жарыяланган соң Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) текшерүү иштерин баштап, көрсөтүүдө айтылган фактылар Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынган.

Учурда иликтөө иштери Жазык кодексинин 232-беренеси (Салык төлөөдөн жана милдеттүү төлөмдөрдөн качуу) менен текшерилип жатат.

Жалил Атамбаев Ыдырыс Исаков менен кошо видео иликтөөдө анын схемаларын ачыкка чыгарган Мирлан Маматовду жана Марат Сайбидиновду да сотко берип, алардан беш миллион сом өндүрүүнү суранган.

Жалил Атамбаев Оштогу эң бай адамдардын бири экени эл ичинде айтылып келет.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of