Аба ырайы: мезгил-мезгили менен жаан жаайт

Сүрөт: Азаттык

30-апрелде жана 2-3-майда Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бийик тоолуу райондордо жамгыр жаап, жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, айрым учурда 15-20 метрге жетет.

Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Ош, Баткен, Жалал-Абад, Чүй, Талас облустарында +13…+18 градус болот. Ысык-Көл менен Нарында +11…+16 градус жылыйт.

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -5…-10, күндүз 2…7 градуска жетет.

Ал эми Бишкек жана Ош шаарларында жаан жаайт. Абанын температурасы борбор калаада +10…+14, Ошто +16…+18 градуска чейин көтөрүлөт.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика