Борбор калаада 1 сом номиналындагы инсталляция орнотулду. Сүрөт

Бишкектеги Чүй-Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишиндеги “Кыргызтелеком” ишканасынын алдына бир сом номиналындагы тыйын орнотулду.

Демилгени Жогорку Кеңештин “Республика-Ата-Журт” фракциясынын лидери, депутат Жыргалбек Турускулов көтөргөн.

Салмагы 500 килограмм, диаметри 2 метр болгон 1 сомдук тыйын жыгачтан жасалган. Эстеликтин табигый өңү сакталып, үстүнкү жагы нымдан сактоочу ачык түстөгү боек менен боелгон.

Эстеликтин бетинде “Сүйүктүү шаарыма белек” деп жазылган.

“Ар бир шаардын өзүнө таандык атмосферасы бар. Өзгөчө борбор шаарыбыз канча жаштарды кучагына батырып, билим берип, оордун табуу аянты болду десем жаңылышпайм. Бишкегибиз менен ар бир кыргызстандыктын кичинекей тарыхы, жеке сыры бар. Шаар күнүнө карата сүйүктүү Бишкек шаарыма ушул инсталляцияны жеке  өзүмдүн атыман белек кылам” ,- деп жазган депутат Фейсбуктагы баракчасына.

Кечээ борбор калаа 141 жылдыгын майрамдады. 10-майда улуттук валюта сомдун кабыл алынганына 26 жыл толот.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика