32 жылдан кийинки жолугушуу. Орусиялык Наталья атасын Нарындан тапты

0

Орусиянын Брянск шаарында туулган Наталья эс тарткандан бери кыргыз атасын издеп келген. Ал көксөгөнүнө жетип, өмүрүндөгү отуз экинчи Жаңы жылын нарындык атасы Шейшенбек Абыкеев менен чогуу тосту. Жакында эле Наталья Кыргызстанга келип, туугандары менен көрүшүп, сиңдисин турмушка узатып кетти. 

Бул бактылуу окуянын чоо-жайын Натальянын бир тууган иниси Чыңгыз Абыкеев айтып берди. Эмесе кеп башынан болсун.

Наталья 1985-жылы Орусиянын Брянск шаарында туулган. Атасы Шейшенбек Абыкеев 1982-84-жылдары ошол жакта аскерде кызмат өтөгөн. Кыз алтыга чыкканда апасы каза болот. Ал керээзин айтып, “атаң кыргыз – Абыкеев Ишенбек Шаршеевич, чоңойгондо аскер бөлүгүнүн архивине барып изде” деп табыштайт.

Наталья апасы менен

Наталья таенесинин колунда калат, кийин ал да кайтыш болот. Турмушта көп кыйынчылыктарды көрүп чоңоет, бирок атасын табуу үмүтү өчпөптүр.

Наталья бала кезде

“Аскер бөлүгүнө барса, Абыкев Шейшенбек Шаршеевич, Киргизский ССР, с.Мин…..(Тянь-Шань району, Миң-Булак айылы дегендин ордуна) деген маалымат алат. Интернет жок кезде “Жди меняга” берет. Москвада жолуккан кыргыздын баарынан сурайт. “Одноклассники” пайда болгондон баштап, ал жакта да издөө иштерин улантат. Бирок жыйынтык болбойт”, – деп баяндайт Натальянын иниси Чыңгыз.

2017-жылы Наталья Темирбек Абыкеев деген кыргызстандык кишиге окуянын баарын баяндап жазат. Темирбек Нарын шаарында аскер кызматында иштечү. “Миң” дегени Миң-Булак болуп жүрбөсүн деп, ошол айылдагы карындашына чалып эле “Абыкеев Шейшенбек деген силер жакта жашайбы?” деген суроосуна “ооба” деген жооп алат.

Ошентип, Темирбек Шейшенбек атаны Нарынга чакырып, кызы Наталья менен скайп аркылуу сүйлөштүрөт. Кийин Шейшенбек ата кызы Диананы жана чогуу аскерде кызмат өтөгөн досун ээрчитип, Брянскка барып, Жаңы жылды ошол жактан Наталья менен чогуу тосуп келишкен.

Окуяны баяндаган Чыңгыз былтыр футбол боюнча дүйнө чемионаты маалында орус эжесине жолугуп келгенин кошумчалады.

Наталья болсо жакында эле Кыргызстанга келип, бир апта туруп, сиңдиси Диананын тоюна катышып кетти.

“Наталья бөлөсү менен келди. Тоолорубузду, кереметтүү Ысык-Көлүбүздү көрүштү. Чоң ресторанда 250 киши менен кандай той өткөрөрүбүздү көрүштү, кудага барып бир күндө алты жолу эт жешти. Эң кызыгы, атам, чоң атам, бабаларыбыз соодагер болушкан, Наталья да күйөөсү менен чогуу Москвадан кийим алып барып, Брянскиден сатып, оокат кылат экен. Дордойдон эки чемодан кийим ала кетти, арзаныраак экен дейт”, – деп сөзүн улады Чыңгыз. 

Чыңгыздын айтымында, Натальяга Кыргызстан абдан жагып, жайында үй-бүлөсү менен чогуу келүү ниетин билдирди.

“Кетип жатып: “Береги папу, у него голова болит, пусть лечится, если что деньги отправлю” дегенде менин да көзүм жашылданды”, – дейт Чыңгыз.

Сүрөттөр: Чыңгыз Абыкеев

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of