Эт экспорту өсөт. ЕАЭБ Кыргызстандын ветеринардык тутумун мыкты деп тааныды

Кыргызстандын ветеринардык тутуму ЕАЭБдин ченемдерине шайкеш деп таанылды.

Бул тууралуу вице-премьер-министри Жеңиш Разаков Армениянын Ереван шаарында өткөн Евразия экономикалык биримдигинин Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын жыйынтыгы боюнча жалпыга маалымдоо каражаттарына интервью берип жатып айтты.

«Кыргыз тараптан мен өкүл болуп саналган ЕАЭБдин комиссиясынын кеңешинин деңгээлинде чечимге кол коюлду. Ага ылайык биздин ветеринардык тутум мыкты деп таанылды. Кыргызтан ЕАЭБге кирген учурдан тартып бул көйгөйлүү маселе болуп келген. Мындан улам ата мекендик өндүрүүчүлөр өз өнүмдөрүн биримдиктин аймагындагы өлкөлөргө толук кандуу сата алышкан эмес. Эми жергиликтүү өңдүрүүчүлөр продукцияларын тоскоолдуксуз сата алышат”,-деп ишендирди Разаков.

Орусия Кыргызстанга эт жана эт азыктарын киргизүүгө 2007-жылы чек койгон. Бул чектөө 12 жылдан, тагыраагы быйылкы жылы алынып салынды.

Кыргызстан ЕАЭБге 2015-жылы 12-августта толук кандуу мүчө болгон.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика