Оштун тургуну бир тууган агасын бычактап өлтүрдү

0
Иллюстративдик сүрөтү

“Бир тууганына бычак шилтеди”деген шек менен 37 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык милициясынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков “Калыс Медиага” билдирди.

Окуя 28-апрелде болгон. Ага-инилер арак ичип отурушуп, күнүмдүк турмуштун айынан чырлаша кетишет. Иниси 45 жаштагы агасына бычак сайып жиберген. Жаракат алган киши шаардык ооруканага кайрылып, эки күндөн кийин үйүнө чыгып кеткен. Ал 30-апрелде өзүн жаман сезип, андан кийин каза болуп калган.

Милиция кызматкерлери кылмышка шектүү катары маркумдун 37 жаштагы бир тууган инисин колго түшүрдү. Ал азырынча чогуу арак ичишкенин, ошол убакта мас болуп, эч нерсе эстей албай калганын айтууда.

Бул факты Жоруктар жана кылмыштар боюнча бирдиктүү реестрге катталып, Кылмыш жаза кодексинин 266-беренеси (“Бейбашчылык”) менен кылмыш иши козголду. Укук коргоо органдары тийиштүү экспертизаларды дайындап, маркум эмнеден каза болгонун тактап жатат.

Шектүү шаардык милициянын убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of