Президент кыргызстандыктарды Эмгек күнү менен куттуктады

0

Президент Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды 1-Май — Эмгек майрамы менен куттуктады.

Мамлекет башчысы куттуктоосунда кийинки муундардын, өлкөнүн жаркын келечеги үчүн жаратмандык менен чогуу эмгектенүүгө чакырды.

“1-Май майрамы — эмгекчилердин укуктарын коргоо менен бирге элибиздин ынтымагын бекемдөөгө өз салымын кошуп келет. Эмгек ар кыл жаштагы жана көз караштагы адамдарды баш коштурат. Биз өмүрүнүн күлгүн курагын бакубат өлкөнү курууга жумшаган улуу муундагы ардагерлерибиздин өрнөгүнө таазим кылабыз. Баарыңыздарга жадыраган майрамдык маанай, тынчтык жана эмгегиңиздерге албан ийгиликтерди каалайм”,-деп айтылат президенттин куттуктоосунда.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of