Алмата-Ош авиакаттамы ачылат

“Qazaq Air” авиакомпаниясы 7-июндан тартып Алмата-Ош-Алмата багыты боюнча түз каттамды ишке ашыра баштайт. “Qazaq Air” тараткан бул маалыматты “Манас” эл аралык аэропортунан тастыкташты.

Эки өлкөнүн экинчи борборлорун байланыштырган каттам жумасына эки жолу: дүйшөмбү жана жума күндөрү аткарылат. Билеттин баасы Алматадан Ошко 3 миң сомдун тегерегинде, Оштон Алматага карай бардык салыктарды эске алганда 3300 сомдон болот. Учуу убактысы – бир саат.

Каттамды “Bombardier Q400” учактары аткарат.

“Qazaq Air” буга чейин Ысык-Көлгө ачкан сезондук каттамдардан сырткары Бишкекке да пландуу учууларды аткара баштаган.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of