Бийчи Атайдын жаңы командасы Кытайдагы шоунун жарым финалына өттү. Видео

0

Атай Өмүрзаков “Тотем шоу” жаңы бий тобу менен Кытайда өткөн World’s Got Talent сынагынын жарым финалына өттү. Кубанычтуу кабарын ал “Фейсбуктагы” баракчасына бөлүштү. 

Бийчилер аткарган номер карыялардын окумуштуулар ойлоп тапкан сыйкырдуу суусундугун ичип алып жашарып, укмуштуудай ийилчээк жана таланты менен таң калтырганы жөнүндөгү окуяны камтыйт.

“Аталаган сынакта бардык өлкөлөрдүн талант шоу жеңүүчүлөрү менен биринчилик үчүн ат салышып жатабыз”, -деп жазды Атай.

“Тотем шоу” деп аталган жаңы бий тобу “Үмүт-Надежда” балдар борборунан чыккан “Тумар” тобу менен биргеликте түзүлгөн. Аны Атай Өмүрзаков өзү жетектейт.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of