Сапар Исаковдун аялы: күйөөмдү ЖЭБ үчүн эмес, Матраимовдун айынан соттоп жатышат

0
Сүрөт: Азаттык

“Инаугурацияга бир күн калганда Сооронбай Жээнбеков Сапар Исаковго бир нече жолу чалып, андан Райымбек Матраимовго тийбешин өтүнгөн. Бирок Сапар аны укпай коюп, эми кесепетин тартып жатат”. Кечээги Матраимовдордун турниринен кийин экс-премьер Сапар Исаковдун аялы Малика Арстанбекова ушундай мазмундагы билдирүүсүн таратты.

Анын айтымында, Райымбек Матраимовдун Боронов, Жумабеков баштаган чиновниктердин айланасындагы сүрөтү адилеттүүлүккө болгон үмүттү өчүрдү.

“Күйөөмдү ЖЭБ үчүн эмес, президенттин “сүймөнчүгүнө” каршы барганы, бажыны Матраимовдон тазалаганга аракет кылганы үчүн соттоп жатышканын жакында эле түшүндүм. Сапар мага кийин айтып берди. Инаугурацияга бир күн калганда Сооронбай Шарипович бир нече жолу чалып, Матраимовго тийбе деген экен. Сапар аны укпай коюп, эми мынтип балдарын, апасын, досторун көрбөй отурат. Дээрлик бир жыл өттү. Тергөө анын күнөөсүн тастыктаган бир да далил келтире алган жок. Ошондуктан үмүтүм бар эле”, – деди экс-премьердин аялы. 

Арстанбекованын айтымында, эгер Матраимовго президент Жээнбековдон колдоо болбогондо, спикер, биринчи вице-премьер, анан отуздай депутат ал иш чарага бармак эмес.

“Кечээ эл коррупция менен күрөшүп жаткандардын чыныгын жүзүн көрдү. Бир жылдан бери адамдардын башын айлантып, дагы чоң коррупцияны башташты. Сооронбай Шариповичтин “Матраимовдун хансарай, ишканаларын текшертем” дегенинен бери төрт ай өттү, бирок маалымат берилген жок. Бир таанышым кечээ тамашалагандай: “Жээнбековдун Матраимовду Коррупцияга каршы кызматка директор кылып шайлашы эле калды”. Бирок мен мындан ары да жолдошум үчүн, балдарым үчүн күрөшөм”, – деди Сапар Исаковдун аялы. 

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of