Сары-Кыр ашуусунда калган 14 жүргүнчү куткарылды

0
Иллюстративдик сүрөт

2-майда кечки саат сегиз чамасында Казарман-Жалал-Абад жолунун Сары-Кыр ашуусунда 7 унаа тыгылып калган. Экөө оор жүк ташуучу, бешөө жеңил унаа. 

ӨКМ билдиргендей, он куткаруучу, медик, милиция болуп барып, 14 жүргүнчүнү таңкы саат бешке жакын Казарман айылына алып келишкен.

Жети унаа айдоочулары менен ашууда калган. Ушул тапта жумушчулар жолду тазалап жатат.

Бул жол өткөн жылдын октябрында Тогуз-Торонун акиминин буйругу менен жабылган эле.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of