Си Цзиньпиндин визити учурунда 20дай документке кол коюлары күтүлүүдө

Келерки айда күтүлүп жаткан Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин Кыргызстанга жасай турган сапарында 20га чукул документтерге кол коюу күтүлүүдө.

Бул тууралуу президенттин аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков билдирди.

Анын айтымында, Си Цзиньпин Сооронбай Жээнбековдун Кыргызстанга мамлекеттик визит менен келүү жөнүндө чакыруусун кабыл алганын билдирген.

28-апрелде КЭР Төрагасы Си Цзиньпин менен Кыргызстандын президентинин ортосунда эки тараптуу сүйлөшүүлөр болгон. Мамлекет башчылары соода-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтык, транспорт, темир жол маселелелерин талкуулаган.

 

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика