Согуш ардагерлерине таазим! Президенттин резервдик фондунан каражат бөлүндү

0

Жеңиштин 74 жылдыгынын урматына карата согуш ардагерлерине 20000 сом өлчөмүндө бир жолку акчалай жөлөкпул төлөөгө президенттин резервдик фондунан жети миллион токсон бир миң сом бөлүндү.

Тиешелүү буйрукка Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон. Бир жолку акчалай жөлөкпул Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине төмөнкү категорияда бөлүндү:

Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарына;

Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына;

Экинчи дүйнөлүк согуш мезгилинде фашисттер жана алардын союздаштары түзгөн концлагерлердин, геттолордун жана башка мажбурлап кармоо жерлеринин жашы жетелек туткундары болгон адамдарга;

Ленинград блокадасынын катышуучуларына.

Ушул тапта Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун 350 ардагери жашайт.

 

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of