WhatsApp кабар: Жалил Атамбаев Ошто миң орундуу ресторан ачты. Видео

0

Ишкер Жалил Атамбаев Ош шаарында миң орунга ылайыкташкан ресторан курду. Анын ачылышындагы видеону “Калыс Медиага” WhatsApp колдонуучулары жөнөтүштү.

Ресторан Ош шаарынын Манас-Ата кичи районундагы Кудайберди автоунаа тетик базарынын жанына салынган. Тойканадан сырткары ал жерде волейбол аянтчасы, машыгуу залы бар.

Окурмандар ресторан 2 жыл мурун эле ачылганын айтууда. Автор болсо кеп тойкананын качан ачылганында эмес, ачылышына Оштун башы көрүнгөн чиновниктери барганына, демек, аны менен эсептешерине басым жасайт.

Комплекстин ачылышында ишкер Жалил Атамбаев Ош шаарындагы белдүү чиновниктерге курулушту тааныштырып жүрөт. Коноктордун арасында өкмөттүн Ош облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Байыш Юсупов, Ош ШИИБнин жетекчиси Мурат Боронов бар.

Жалил Атамбаев Оштогу эң бай адамдардын бири экени эл ичинде айтылып келет.

“Азаттыктын” жакында чыккан иликтөөсүндө Жалил Атамбаевден акчасын ала албай жүргөн ишкерлер, анын жакындарына катталган адамдардын ишканаларынын салыктын качуу схемалары көрсөтүлгөн. Анын айынан мамлекет казынасына ири суммадагы каражат түшпөй жатканы айтылат.

Иликтөө жарыяланган соң Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) текшерүү иштерин баштап, көрсөтүүдө айтылган фактылар Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынган.

Ишкер Атамбаев болсо “Азаттыктын” журналисти Ыдырыс Исаковду сотко берип, моралдык чыгымды 50 млн сомго баалады.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of