Май айында аба ырайы кандай болот? ӨКМдин божомолу

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргызстандын аймагында май айында күтүлгөн аба ырайы жана жаан-чачындын көлөмүнүн божомолун жарыялады.

Ага ылайык, келерки айда абанын табы түнкүсүн 6…11° жылуулуктан 12…17° жылуулукка чейин, күндүз 18…23° жылуулуктан 25…30° жылуулукка чейин болушу күтүлөт.

 Чүй облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1…2º жогору болуп, 15…28° жылуу болот. Жаан-чачын нормадан азыраак жаашы мүмкүн.

Талас облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1…2º жогору болуп, 14…29° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт. Жаан-чачын нормадан аз болушу мүмкүн.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында

Бул чөлкөмдө айлык температура нормага жакын болуп 17…19°, тоо этектериндеги райондордо 14…16° жылуу болушу күтүлөт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 6…11° жылуулуктан12…17° жылуулукка чейин, күндүз 19…24° жылуулуктан 26…31° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.

Жаан-чачындын айлык көлөмү өрөөндөрдө нормага жакын, тоо этектериндеги райондордо нормадан арбын болушу күтүлөт.

Ысык-Көл облусу

Орточо температура климаттык нормага жакын болуп,  11…13° жылуу болушу күтүлөт. Абанын күндүзгү температурасы 9…14° жылуулуктан 16…21° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу мүмкүн. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт.

Нарын облусу

Абанын орточо табы 11…13º жылуу болушу болжонууда. күтүлөт. Кээ бир күндөрдө түнкүсүн жана эртең менен Ат-Башы районунда 0…-2° жеткен үшүк жүрүшү мүмкүн. Абанын күндүзгү температурасы 13…18° жылуулуктан 21…26° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт. Жаан-чачын аз жаайт.

Алай өрөөнү

Абанын айлык орточо температурасы 2…4º жылуу болушу күтүлөт. Ай ичинде абанын түнкү температурасы  0…-5° суук,  абанын күндүзгү температурасы  -2…7° жылуулуктан, 10…15º жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт. Жаан-чачын аз болушу мүмкүн.

Суусамыр өрөөнү 

Бул өрөөндө абанын табы 7…9° жылуу болушу күтүлөт. Абанын температурасы ай ичинде түнкүсүн 0…-5° сууктан, 1…6° жылуулукка чейин, күндүз 13…18° жылуулуктан 20…25° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт. Жаан-чачын көбүрөөк жаашы күтүлүүдө.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of