Азия өнүктүрүү банкы Түндүк-Түштүк жолунун курулушуна 78 млн доллар берет

Азия өнүктүрүү банкы Түндүк-Түштүк жолунун курулушуна 68,5 млн доллар көлөмүндө жеӊилдетилген насыя, 9,5 млн доллар өлчөмүндө грант берүүгө даяр. Грант берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоору Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында каралды.

Каражатка Түндүк-Түштүк жолундагы Бишкек-Нарын-Торугарт автожолуна чейинки (0-43 чакырым) жана Кочкор айылынан Эпкин айылына чейинки бөлүгүндөгү (68-89 чакырым) жалпы узундугу 68 чакырым жол реабилитацияланат.

Насыяны жабуу мөөнөтү – 32 жыл, жеӊилдетилген мөөнөтү – 8 жыл. Ошону менен бирге, кыргыз тарап 12 млн 750 миӊ доллар кошумча каражат кошууга тийиш.

Буга чейин Азия өнүктүрүү банкы менен каржы маселеси боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн. Банк каражат бөлүүгө даяр.

Комитет мүчөлөрү мыйзам долбоорун 1-окууда жактыруу чечимин кабыл алышты.

Курулушу 2014-жылы башталган Түндүк-Түштүк альтернатива жолунун жалпы узундугу 430 чакырымды түзөт.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of