Кытайдагы казактардын укугун коргогон активисттин үй камагындагы мөөнөтү бир айга узартылды

0

5-майда Нур-Султан шаардык тергөө соту Кытайдагы казактардын укуктарын коргоп келген белгилүү активист, “Ата журт ыктыярчылары” биримдигинин лидери Серикжан Билаштын үй камагындагы мөөнөтүн 10-июнга чейин узартты. Активист “улут аралык кыстыкты козутууга” шектелип кармалган.

Сот отурумуна видеобайланыш аркылуу катышкан адвокат Айман Умарова Серикжан Билашты өзү жашаган Алматы шаарына которууну өтүндү. Жүйө катары ал Билаштын үй-бүлөсү — жубайы менен эки кичинекей баласы Алматыда экенин билдирди.

Соттун жүрүшүндө Серикжан Билаш өзү дагы сүйлөп, 10-мартта Алматыдан күчтөп алынып келингенден кийин аны Мухтар Аблязовго каршы көрсөтмө бердиртүү жана адвокат Аймар Умарованын кызматтарынан баш тарттыруу максатында кысым болгонун айтты. Ал бул иш саясий буйрук экенин белгиледи.

Өз кезегинде прокурор Канат Тлеужан адвокаттын өтүнүчүнө каршылык билдирип, Билашты Нур-Султан шаарында үй камагында калтыруу боюнча тергөөчүнүн сунушун колдоду.

Серикжан Билаш 10-мартта Алматыда кармалып, ошол эле күнү Нур-Султан шаарына жеткирилген. Эртеси сот аны үй камагына алып, шаардан чыкпоого милдеттендирген. Шаардык прокуратура активист Алматыдагы иш-чаралардын биринде чогулгандарды “кытай улутундагыларга каршы жихадга чакырган” деген айыптын негизинде кармалганын билдирген.

Муну менен катар “Ата журт ыктыярчылары” биримдигинин Алматыдагы кеңсесинде тинтүү жүрүп, жыйынтыгында ал жабылган. Кеңсе 2-апрелде гана ачылды. Уюмдун өкүлдөрүнүн айтымдарында, бирок полиция тинтүү маалында алынган бир катар маанилүү документтер менен электрондук маалыматтарды алып жүрө турган каражаттарды кайтарып беришкен эмес.

АКШнын Foreign Policy журналы “Ата журт ыктыярчылары” биримдигин Кытайдын “бекем жабылган Шиңжаң аймагына болгон көп эмес терезелердин бири” деп атаган. Түрдүү маалыматтарга караганда, кытай бийлиги аталган аймактагы лагерлерде 800 миңден эки миллионго жакын адамды мажбурлап кармап турушу мүмкүн.

13-мартта Казакстандын адам укуктары боюнча бюросу Норвегия-Хельсинки комитети менен биргеликте атайын билдирүү жасап, казак бийлигин Серикжан Билашты бошотууга чакырган.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of