Рамазан-2019: эмнеге уруксат, эмнеге тыюу салынат?

Рамазан (Орозо) – мусулмандардын эң ыйык айы, ал орозо кармоону талап кылат. Рамазан мусулмандардын ай календарынын тогузунча айында башталат. Курандын алгачкы сүрөөлөрү Мухаммед пайгамбарга Меккеге жакын жердеги Хира үңкүрүндө Рамазан айында түшкөн делет. Рамазан ай календарынын бир бөлүгү, ай көрүнгөндө башталат.

Ай календары Григориандыкынан 11 күнгө кыска болгон үчүн Рамазан ар жылы 11 күнгө эрте башталат. Айрым мусулман өлкөлөрүндө Орозонун биринчи күнү астрономиялык эсептөөлөр менен аныкталса, башкаларында Айды байкап же беделдүү аалымдардын күбөлүгүндө аныкталат. Ислам экөөнө тең уруксат берет, андыктан ыйык ай ар кайсы өлкөдө башка-башка убакта башталат. Быйыл Кыргызстанда орозо 6-майда башталды.

Орозо кармоо – исламдын беш парзынын бири. Ал эң башкы исламий майрамдардын бири – Орозо айт менен жыйынтыкталат. Ооз ачуу (ифтар) күн баткандан кийин гана болот. А саарлыкты күн чыкканга эки саат калганда (саат 3:00 тегерегинде) ичүү керек.

Орозо календары: ооз ачуу жана ооз бекитүү маалы Бишкекке салыштырмалуу аймактарда 25 мүнөткө чейин айырма берет. Сиз жашаган жер боюнча календарды муфтияттын Фейсбуктагы баракчасынан таба аласыз.

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы

Орозо кармоонун буйругу, шарттарын караңыз:

Орозо
Инфографика: Мейкин Азия онлайн

Кыргызстандын Уламалар кеңешинин мүчөсү Кадыр Маликов кимдер ислам боюнча орозо тутуудан бошотуларын “Кактуска” айтып берди:

“Эгер ал кандайдыр бир өнөкөт оорулардан жабыркаса, орозо кармабашына уруксат берилет. Дарыгер медициналык бүтүмгө карап, орозо кармаса болбойт деген чечим чыгарып берет. Ошондой эле эгер мусулман жолго чыгып жатса, көздөгөн жерине жеткенче ооз ачып турууга уруксат берет. Балакатка жете элек өспүрүмдөргө орозо тутуу милдет эмес, кыйналса, оозун ачып алса болот. Улгайып калгандар да бул парздан бошотулат”. 

Теологдун айтымында, курсагы катуу ачып, ал эс-учун жоготууга алып келиши мүмкүн болсо, чоң адамдар деле орозону токтотсо болот. Кош бойлуу жана бала эмизген аялдарга орозо милдет эмес. Балага зыяны тийбей турган болсо гана алар орозо тутса болот.

Көпчүлүктү арыктоо үчүн орозо кармаса болобу деген суроо кызыктырат.

“Исламда эки ниет коюуга уруксат берилет, орозо сыйынуунун башка түрлөрүнөн ушунусу менен айырмаланат. Мусулманга орозону Жараткан үчүн жана арыктап, саламаттыгын бекемдеш үчүн кармайм деген ниеттерди коюуга уруксат берет. Муну пайгамбардын сүннөтү бекемдейт: “Орозо кармагыла, айыккыла”. Орозодо дене үчүн улуу жыргал бар, туздан тазаланып, ашыкча салмактан арылуу. Бирок орозо биринчи кезекте сыйынуу болушу керек”, – дейт теолог.

Зекет көлөмү

Бул ыйык айда бардык мусулмандар милдеттүү түрдө зекет берет. Быйыл зекеттин бир адамга минималдык суммасы 1,6 кг буудайдын наркына туура келет. Базардагы азыркы баалар боюнча бул 35 сом. Бирок кимдин мүмкүнчүлүгү болсо 1,6 кг ун же мейиз, болбосо 3,2 кг арпа же курманын наркына барабар зекет чыгарса болот. Ушул азык-түлүк түрүндө берүү шарт эмес, акчасын берсе да болот.

Быйыл жогоруда аталган азык-түлүктөрдүн баасына барабар питир-садака төмөдөгүчө аныкталат: буудай – 35 сом, ун– 40 сом, мейиз – 384 сом, арпа – 48 сом, курма– 480 сом.

Урматтуу мекендештер, Рамазан айы кут болсун! Туткан орозоңуздар кабыл болсун! 

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of