Жээнбеков авиакырсыкка байланыштуу Путинге көңүл айтты

Президент Сооронбай Жээнбеков Москва шаарынын Шереметьево аэропортунда болгон учак кырсыгына байланыштуу Орусиянын президенти Владимир Путинге көңүл айтты.

«Шереметьево аэропортунда болгон каргашалуу окуянын кесепетинен көптөгөн адамдар каза болгондугу тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргызстан элинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтуу менен, бардык жабыркагандардын тез айыгып кетүүсү боюнча каалоомду жеткирип коюуңузду өтүнөм. Орду толгус аза кайгысын тең бөлүшөбүз», — деп айтылат мамлекет башчынын көңүл айтуу телеграммасында.

5-май күнү кечинде Москва-Мурманск каттамы боюнча учууга багыт алган учак асманга көтөрүлгөн соң аз өтпөй авариялык конуу жасаган. Учак жерге конгон кезде анын арткы бөлүгү өрттөнүп кеткен.

Авиакырсыкта 41 адам каза тапкан. Учактын ичинде жалпы 73 жүргүнчү, беш экипаж мүчөсү болгон.

Айрым маалыматтарда асманда учакка чагылган тийген.

 

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика