Бишкекте төртүнчү кабаттан секирүүнү көздөгөн кыз куткарылды. Видео

0

Окуя бүгүн Ибраимов жана Москва көчөлөрүнүн кесилишинде 9 кабаттуу үйлөрдүн биринде орун алды.

Кыз өз жанын кыймакчы болуп, төртүнчү кабаттан боюн таштоого аракет кылган. Бешинчи кабаттан кызга шейшеп ыргытып, бир жигит куткарууга аракет да кылды. Окуяны Фейсбук колдонуучусу Тынчы Атбашингтони видеого тартып алган.

Тургундар кызды алаксытып жаткан учурда ӨКМдин куткаруучулары үйдүн үстүнөн аркан менен түшүп куткарып калышты.

Кыздын өз жанын кыйууга аракет кылганына эмне себеп болгону азыр такталып жатат.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of