Мурат Суталинов бошотулду

0
Сүрөт: Азаттык

УКМКнын мурдагы башчысы, оор дартка кабылган Мурат Суталинов бүгүн, 7-майда Бишкек шаардык сотунун чечими менен бошотулду. 

Суталиновду бошотуу ишин экинчи инстанцияда апрелдин башынан бери каралып жаткан. Процесс улам кийинкиге калтырылып келди.

Жогорку Кеңештин депутаттары, жарандык коом Суталиновго карата гумандуу чечимди талап кылып, кайрылуулар менен чыгышты.


Абактагы Мурат Суталиновдун оң бөйрөгүнө рактын 4-стадиясы деп диагноз коюлуп, абалы күндөн күнгө начарлап жатат. Аны эркиндикке чыгаруу боюнча Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын өтүнүчүн биринчи инстанция – Бишкектин Ленин райондук соту 15-февралда четке каккан.

Мурат Суталинов 2010-жылдагы 7-апрель окуясы боюнча Курманбек Бакиев, Жаныш Бакиев, Данияр Үсөновдүн катарында соттолгон. Булар өмүр боюга кесилсе, Суталинов 20 жылга эркинен ажыратылган эле.

пропорции

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of