Ош: жүк унаасын сүзгөн жеңил машинанын айдоочусу каза болду. Видео

Бүгүн саат 14:30 чамасында Ош шаарындагы жаңы автобекеттин жанында болгон жол кырсыгынан бир адам каза болду. Бул тууралуу окуяга күбө болгондор “Калыс Медиага” билдиришти.

Кырсык жүз бергенин Ош шаардык ЖКККБнын өкүлү Рашид Сыдыков ырастады. “DAF” жүк ташуучу унаасы батыштан чыгышты көздөй баратканда, “Тойота Камри” жеңил унаасы аралыкты сактабай, аны артынан барып сүзгөн. “Тойотанын” 50 жаштагы айдоочусу ошол жерде жан берди. Жеңил унаада андан башка эч ким болгон эмес. “DAFтын” айдоочусу жабыркаган жок.

Ош ЖКККБ кызматкерлери тиешелүү документтерди толтуруп, тактоо иштерин жүргүзүп жатат.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of