Сириядагы согуш талаасында даярдыктан өтүп, издөөдө жүргөн жаран кармалды

0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы тарабынан эл аралык террористтик уюмдарга өнөктөш болгон, согушчул иштерге катыштыгы бар деп шектелип, издөөдө жүргөн Кыргызстандын жараны кармалды.

УКМКнын маалымат кызматы билдиргендей, шектүү Сирия-Ирак куралдуу согуш аймагында диверсиялык-террористтик даярдыктан өткөн. Ал эл аралык террористтик уюмдардын башчысынын тапшырмасы боюнча террористтик иш-аракеттерди аткаруу максатында жасалма документтер менен КМШ өлкөлөрүнүн бирине чыгып кеткен.

Азыркы учурда кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталган сотко чейинки өндүрүштүн материалдары боюнча ыкчам-тергөө иштери жүрүп жатат. Кармалган адам УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of