Жалил Атамбаев журналист Ыдырыс Исаковдун үстүнөн жазган арызын кайтарып алды

0

Ишкер Жалил Атамбаев “Азаттыктын” иликтөөчү журналисти Ыдырыс Исаковдун үстүнөн жазган 50 млн сомдук доо арызын артка кайтарып алды. Бул тууралуу “Калыс Медиага” ишкердин адвокаты Шумкарбек Абжапаров билдирди.

“Жалил Атамбаев ыйык Орозо айында эч ким менен касташпаймын, урушпаймын деп журналистти кечирди”, – деди жактоочу. 

Милициянын отставкадагы полковниги, ишкер Жалил Атамбаев “Азаттыктын” кабарчысы Ыдырыс Исаковду иликтөөсү үчүн 29-апрелде  сотко берип,  50 млн сом моралдык чыгым өндүрүп берүүнү суранган. Бул коомчулукта чоң талкууга жем таштап, Ыдырыс Исаковду колдогон ар кандай акциялар, кол топтоолор башталып, медиаэксперттер талкууларды уюштурган. 

“Азаттыктын” журналисти даярдаган иликтөөдө Жалил Атамбаевден акчасын ала албай жүргөн ишкерлер, анын жакындарына катталган адамдардын ишканаларынын салыктын качуу схемалары көрсөтүлгөн. Анын айынан мамлекет казынасына ири суммадагы каражат түшпөй жатканы айтылат.

Иликтөө жарыяланган соң Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) текшерүү иштерин баштап, көрсөтүүдө айтылган фактылар Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынган.

Учурда иликтөө иштери Жазык кодексинин 232-беренеси (Салык төлөөдөн жана милдеттүү төлөмдөрдөн качуу) менен текшерилип жатат.

Жалил Атамбаев Ыдырыс Исаков менен кошо видео иликтөөдө анын схемаларын ачыкка чыгарган Мирлан Маматовду жана Марат Сайбидиновду да сотко берип, алардан беш миллион сом өндүрүүнү суранган.

Жалил Атамбаев Оштогу эң бай адамдардын бири экени эл ичинде айтылып келет.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of