Күлүп жүрүүнүн жети пайдасы

Иллюстративдик сүрөт

Илимпоздор көтөрүңкү маанай сырткы келбет үчүн да пайдалуу экенин айтышат.

Окумуштуулар күлкү иммунитетти бекемдеп, кандагы канттын деңгээлин төмөндөтөрүн билдиришти деп жазат Москва агенттиги. 

Сиз качан гана күлүп баштаганда дене күчтөнөт да, кийин булчуңдар бошой түшөт. Ошол убакта эмоционалдык стресс азаят. Илимпоздордун айтымында, күлгөн убакта организм “бакыт гормонун” бөлүп чыгарат. Ал маанайыңызды көтөрүп, ачууну басат.

“Адам жылмайган убакта организм дароо эндорфин гормонун бөлө баштайт. Ошондуктан көңүл чөккөн учурда тамашалуу, маанай көтөргөн видео көрүү керек. Же болбосо башыңыздан өткөн кызыктуу учурду эстеңиз”, – дешет дарыгерлер.

Күлкүнүн пайдасы муну менен бүтпөйт- дем алуу жолдорундагы ооруларды дарылоодо да алмашкыс курал болуп берет.

Башкысы, көтөрүңкү маанай сырткы келбет үчүн да пайдалуу. Жылмайып жүргөн адамдын бетинде булчуң эттери кыймылга келет. Ошондуктан башкалардан жаш көрүнөт.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика