Күн ысыйт. Шаршембиге карата аба ырайы

Бүгүн, 8-майда Кыргызстандын аймагында түнкүсүн жамгыр жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метр, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге чейин жетет.

Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Күндүзү Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Ал эми бийик тоолуу райондорунда жаан карга айланат.

Абанын температурасы Чүй жана Талас облусунда +23…+28 градус. Баткен, Жалал-Абад жана Ошто +26…+31 градус болот. Ысык-Көлдө +14…+19, Нарын облусунда +15…+20 градус жылыйт.

Ал эми Ош жана Бишкек шаарларында жаан жаабайт. Абанын температурасы борбор калаада +25…+27, Ошто +28…+30 градуска жетет.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика