Отуз жаштагы киши 6-класстагы кызга ыплас аракет жасамак болгон деп шектелүүдө

0

Жети-Өгүз районунун Липенка айылынын 30 жаштагы тургуну алтынчы класстын окуучусуна карата ыплас аракет жасамак болмок. Бул маалыматты “Калыс Медиага” Ысык-Көл ОИИБден ырасташты.

Алардын маалыматында, 3-майда белгисиз эркек жаш кызга тийишип, балким, зордуктаганга аракет жасаган. Окуя тууралуу кыз өз туугандарына айтып берген. Кыздын туугандары 30 жаштагы шектүүнү кармап, ур-токмокко алышкан.

Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө амалдары башталды. Шектүүнү ур-токмокко алгандарга карата да кылмыш иши ачылды.

Учурда шектүү ооруканада. Такталбаган маалыматтар боюнча эркек психикалык жактан ооруйт.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of