Патрулдук милицияга кызматкерлерди алууда жарандык коомдун өкүлдөрүнө артыкчылык берилет

Бишкекте патрулдук милиция кызматын түзүү боюнча пилоттук долбоор ишке ашырыла баштады.

Түзүмдү кайрадан түзүүнүн негизги максаты – жарандардын ишенимин арттырган, ишенимдүү коргоочу жана өнөктөш катары көрө турган милицияны түзүү – деп билдиришти ички иштер министрлигинен.

Учурда жаңы түзүлгөн милиция кызматынын кызматкерлеринин айлык маянасын жогорулатуу, аларды автоунаа, байланыш, компьютердик каражаттар сыяктуу заманбап материалдык-техникалык жабдыктар менен камсыздоо, андан сырткары кызмат өтөөнүн жаңы стандартын окутуу каралууда.

Ошондой эле, коррупцияга каршы алдын алуу ишмердүүлүгүнө өзгөчө маани берилет.

Күн мурунтан баштап патрулдук милиция кызматынын башкармалыгына талапкерлерди кабыл алуу үчүн сынак жарыяланды. Документтерди кабыл алуу 6-июнга чейин уланат.

Өзгөчө жарандык коомдун өкүлдөрүнө артыкчылык берилет.

Кыргызстанда патрулдук милиция түзүү демилгеси мындан үч жыл мурда көтөрүлгөн. Патрулдук милицияны кайра түзүүнү сунуш кылган эксперттик топ президенттин тапшырмасы менен өткөн жылы август айында түзүлгөн.

Ушуну менен патрулдук милиция бешинчи ирет өзгөртүлүүдө. Соңку ирет 2017-жылы мурдагы премьер-министр Сапар Исаков өзгөрткөн. Анда ведомство Кайгуул милициянын башкы башкармалыгынан (КМББ) Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоонун башкы башкармалыгына (ЖКККББ) өзгөргөн.

 

 

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика