Төрт муундун чоң атасы, согуш ардагери Тукеш Токтомушевден вице-премьер-министр кабар алды

0

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун Нарын шаарында жашаган ардагери Тукеш Токтомушевден кабар алды.

Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

«Сиз – эрдиктин, тайманбастыктын жана руханий кубаттын жаркын үлгүсүсүз. Дал ушул сиздердин, согуштун ардагерлеринин жана тылдын эмгекчилеринин арты менен биз тынчтык заманда жашап, эмгектенип жатабыз. Сизге эрдигиңиз үчүн тизе бүгүп таазим этебиз», – деди ал.

Вице-премьер-министр Тукеш Токтомушевге бекем ден соолук жана узак өмүр каалап, белектерди тапшырды.

Быйыл карыя 96 жашка чыгат. 1942-жылдын апрелинде 17 жаш курагында фронтко чакырылган. 1945-жылдын февралында ден соолугуна байланыштуу аскердик кызматтан чакыртылып, оорукта кызмат өтөгөн. 1949-жылдан 1954-жылга чейин Тянь-Шань облустук даярдоо кеңсесинде башкаруучу болуп эмгектенген.

Ардагердин 6 уулу, 2 кызы, 34 небереси, 28 чөбөрөсү жана 4 кыбырасы бар.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of