Кыргызстанда Улуу Жеңиштин 74 жылдыгы жогорку деңгээлде белгиленди (Видео)

Кыргызстанда Улуу Жеңиштин 74 жылдыгы жогорку деңгээлде белгиленди. Майрамдык башкы салтанат Бишкекте мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековдун катышуусу менен өткөн «Өлбөс полк» жүрүшү Бишкектин Түштүк дарбазасынанда башталып Жеңиш аянтында жыйынтыкталды. Президент Сооронбай Жээнбеков, экс-президент Роза Отунбаева, өкмөт башчы Мухамедкалый Абылгазиев баштаган топ Жеңиш аянтында Өчпөс отко гүл койду. Президент сөз сүйлөп, элге тынчтык каалады:

– Биздин жаркын келечегибиз үчүн өмүрлөрүн арнаган аталарыбызга таазим этебиз. Бүгүнкү жүрүшүбүз алардын өлбөс-өчпөс эрдигине арналат. Элибизде ынтымак, тынчтык, аманчылык болсун!

“Өлбөс полк” акциясы Кыргызстанда 2014-жылдан тарта уюштурулуп келе жатат. Ага президент баш болгон бийлик өкүлдөрү катышып келүүдө. Бул жылы мындай жүрүштөр өлкөнүн башка шаарларында дагы өттү.

Кыргызстандан дүйнөлүк экинчи согушка 365 миң адам аттанып, 160 миңден ашууну кан майданда курман болгон. Алардын ичинде 74 адамга согуштагы эрдиктери үчүн Советтер Союзунун Баатыры деген жогорку наам ыйгарылган. Расмийлердин маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө Кыргызстанда 344 согуш ардагери калды.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of