“Дордой” “Истиклолду” кабыл алат

0

АФК Кубогунун төртүнчү тур оюндарынын алкагында Бишкектин “Дордой” клубу Тажикстандын чемпиону “Истиклолду” кабыл алат. Беттеш 15-май күнү Дөлөн Өмүрзаков стадионунда кечки саат 20:00дө башталат.

Буга чейин “Дордой” “D” тайпасында үч беттеш өткөрдү. Бишкекте “Алтын-Асыр” менен тең чыгып, “Истиклол” жана “Худжант” командаларына конокто жеңилген. Азыркы учурда Кыргызстандын чемпиону бир упай менен тайпада акыркы орунда баратат.

15-майда өтчү беттешке билеттер сатыла баштады. Стадиондун чыгыш жана түштүк трибуналарына 150, батыш тарабына 200 сомдон сатылуда.

«Дордой» менен «Истиклол» беттешиндеги Мурзаевдин укмуш голу. Видео

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of