Көпчүлүк аймактарда жаан жаайт. Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

Сүрөт: Табылды Кадырбеков

Бүгүн, 13-майда Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, бийик тоолуу аймактарга кар түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүйдө +22…+27, Таласта +21…+26 градус жылуу. Ысык-Көлдө +16…+21, Нарында +17…+22 градуска жетет. Ал эми Ош жана Жалал-Абад облусунда +25…+30, Баткенде +27…+32 градуска чейин котөрүлөт.

Борбор калаа Бишкекте жаан жаабайт. Ал эми Ош шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Абанын температурасы Бишкекте +24…+26, Ошто +26…+28 градус жылыйт.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of