Ош: кумаркана делген жайда журналисттерге күч колдонулду. Видео

0

Ош шаарында кумаркана деп айтылган жерге барган журналисттер Ыдырыс Исаков жана Даткабек Шабданбековго карата имараттын кароолчулары тарабынан күч колдонулду.

“Азаттыктын” Оштогу кабарчысы Ыдырыс Исаков шаардын Навои көчөсүндөгү “Deluxe” мейманканасынын имаратындагы кумаркана деп айтылган жайга барып, түз эфирге чыккан. Съемка учурунда мейманканын кароолчулары журналисттин колун кайрып, муунтканы тасмага тартылып калган.

Ыдырыс Исаковдун айтымында, анын бети-колун аймап, камерасын тартып алууга да аракет жасашкан. Күч колдонгондордун арасында бир аял да жүрөт.

Бул жерде казино бар деп портер автоунаасын уттурган жаран кайрылды. Биз келсек, журналист кесиптешимди имараттын ичинде кармап, мени сыртка түртүп чыгарып жиберишти”, – дейт Исаков.

Окуядан кийин шаар мэри казино, сойкукана болушу мүмкүн делген жайларга текшерүү иштерин күчөтүү боюнча тапшырма бергенин мэриядан кабарлашты.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of