АКШнын Сенаты Путинге эскертүү жасады

0

АКШнын сенатында демократтардын лидери Чак Шумер АКШнын тышкы иштер министри Майк Помпеого кат жолдоп, анда Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушуу учурунда Орусияны кайсы маселеде эскертүү керектигин айтты.

Шумер министрге жолдогон катында 2020 – жылкы боло турган АКШнын президенттик  шайлоосуна Москванын кийлигишүүсүн Вашингтон каалабай турганын жазган.

«Күтүлүп жаткан шайлоодо сырттын болгон кандайдыр бир кийлигишүү болсо, чукул жана катуу жооп болоору тууралуу Орусия лидерин эскертүү керек»,-дейт демократтар лидери Чак Шумер.

Шумердин көз карашы боюнча өз кезегинде Трамп да кийинки жылкы шайлоо тууралуу Путин менен алдын ала сүйлөшүү жүргүзүшү керек.

Американын тышкы иштер министри Майк Помпео менен Орус лидери бүгүн 14-майда Сочиде жолугушмакчы.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of