Акын Бактыгүл Чотурова менен генарал баш кошушту

0

Белгилүү акын эжекебиз  Бактыгүл Чотурова генерал-лейтенант Калмурат Садиев  менен баш кошконун акын-жазуучу Жыпар Исабава өздүк фейсбук баракчасы аркылуу кабарлады.

«Куттуктайбыз!!! Кандай жакшы, кандай жакшы-ы!!! Досторум, кымбаттуу поэзия күйөрмандары, кымбаттуу кыргыз элим, жакшы жаңылыгым бар! Сүйүнчү! Дүйнөдө дагы бир эки асыл, эки бийик, эки улуу адамды тагдыр кошуп, эки аалам – бир аалам болуп, эки дүйнө – бир дүйнө болуп биригип, мелмилдеген, мелжиген бир улуулукту жаратып… уккан кулакты, көргөн көзду кубантып турган чагы! Кыргыз элинин чыгаан уулу, генерал-лейтенант Калмурат САДИЕВ агабыз менен Кыргыз поэзиянын белгилүү акыны Бактыгүл ЧОТУРОВА эжебизди тагдыр кошту!
Элдин эки асылы! Бар болуңуздар, дайыма бирге болуңуздар!
Балдардын бактысын, урмат-сыйын бирге көрүп, бактылуу болунуздар!
Эх-х… жезделүү болгон кандай жакшы!!»,- деген сүйүнчүсү менен бөлүштү.

 

 

 

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of