Кытай өкмөтү Кыргызстандын ИИМине кайтарымсыз жардам бермей болду

0

Кытай өкмөтү Кыргызстандын Ички иштер министрлигине 306 миллион 420 миң 546 сомдук жабдыктарды берет.

Бул тууралуу Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Кытайдын коомдук коопсуздук министри Чжао Кэчжи менен болгон жолугушуусунда макулдашылганын ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык жардам кайтарымсыз негизде  берилет. Бериле турган материалдык-техникалдык жардамдар күч органдарынын коомдук коопсуздукту камсыздоо, анын ичинде Шанхай Кызматташтык Уюмунун мамлекеттеринин башчыларынын саммитин өткөрүү маалында кызмат өтөөнүн деңгээлин жогорулатууда пайдаланылат.

 

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of